«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 2023-жылы Бишкекте 58,5 чакырым газ түтүктөрүн курат

 «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 2023-жылы Бишкекте 58,5 чакырым газ түтүктөрүн курат

Үстүбүздөгү жылы «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасына ылайык, 9 объектиде: «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-2», «Ак-Тилек Турбаза», «Бакай-Ата», «Ала-Арча», “Төкөлдөш”, “Попеновка”, “Жогорку Көк-Жар” жана  Товарная көчөлөрүндө газдаштыруу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Газ түтүктөрүн куруунун жалпы пландалган узундугу 58,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 13 ,5 км (23%) «Ала-Арча», «Ак-Тилек», «Ак-Тилек-Турбаза», «Ак-Тилек-2», «Бакай-Ата», «Төкөлдөш» конуштарында курулуш иштери жүрүп жатат.  Даярдоо иштери 3 объектте жүрүп жатат: «Попеновка», «Жогорку Көк-Жар» жана  Товарная көчөсү.

Учурда газдаштырылган конуштардагы үйлөрдү жаратылыш газына кошуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 18 миң 558 турак жай газдаштырууга кошулду. Шаар боюнча 2023-жылдын башынан бери газ тармагына кошулган жаңы абоненттердин саны 5542 бирдикти түздү.

Урматтуу шаардыктар, абанын булганышын азайтуу максатында жылуулуктун альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайбыз.

Связанный пост