«Газпром Кыргызстан» өлкөнүн газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө 33 миллиард сом салды

2014-жылдан бери өлкөнүн газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө «Газпром Кыргызстан» 33 миллиард сом жумшады.
Жаңы райондорду газдаштыруу Башкы схеманын жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында ишке ашырылат. Бул убакыт аралыгында дээрлик 1,5 миң чакырым газ өткөргүчтөр курулду. Газ менен камсыздоого 54 жаңы конуш жана калктуу конуш кошулду, аларда 300 миңге жакын адам жашайт. Газдаштыруунун деңгээли 11 жылда дээрлик эки эсеге көбөйгөн – 22%дан 42%га чейин. Жылдык керектөө 2,5 эсеге өстү – 210 миллиондон 517 миллион кубметрге чейин, ал эми абоненттержин саны – 291 миңден 426 миңге чейин.
2025-жылдын ири долбоорлорунун бири – Новопокровканы газдаштыруу. Бул айылдын 4 ири тилкесинде жумуштар толугу менен аяктады. Мында газ түтүктөрүнүн жалпы узундугу 144 километрди түзөт, жаратылыш газга кошулууга мүмкүнчүлүктү 7 миңден ашык кожолук алат.
Кыргызстандыктар көбүнесе газ менен жылытууга артыкчылык берип жатышат. 2024-жылы Бишкекте кошулуу өтүнмөлөрүнүн 80%ында газ мешин орнотуу каралган. Газ менен жылытууну тандоо өлкөдө байкалып жаткан энергетикалык жетишсиздикте, айрыкча кыш мезгилинде, тармактар ашыкча жүктөлгөндө жана электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда артыкчылыктуу. Көмүрдөн айырмаланып, газды жагуу атмосферага зыяндуу заттардын чыгышына алып келбейт жана Бишкектеги эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болгон жана калктын ден соолугуна терс таасирин тийгизген кара түтүндүн (смогдун) пайда болушуна өбөлгө түзбөйт.
Эгерде жылытуу булагы катары электр энергиясын алып карасак, анда аянты 100 чарчы метр үйгө айына 3 789 киловатт-саат керек, буга керектөөчү 8 992 сом коротот. Эгерде ушул эле үйдү көмүр жагып жылытса, кеминде 1 тонна 323 кг көмүр талап кылынат. Көмүрдүн тоннасынын орточо баасы – бүгүнкү күндө дээрлик 6 500 сом, демек чыгымдар 8 миң 600 сомду түзөт. Ал эми ушул эле үйдү газ менен жылытса, 397 куб метр жаратылыш газы керектелет. Мындай көлөмдүн наркы 9 022 сомду түзөт.
Отундун ар кандай түрлөрүнө болгон баалар анчейин айырмаланбайт. Бирок жаратылыш газы – отундун эң эле экологиялык таза жана энергоэффективдүү түрү. Ошондуктан экологдор менен энергетика тармагындагы эксперттер газдаштырылган райондордун жашоочуларын көгүлтүр отко өтүүгө чакырышат. Бул жылуулуктун салттуу булактарына коопсуз жана жеткиликтүү альтернатива
Жакында эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары үчүн «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» тарабынан КР Министрлер кабинетинин тескемесине ылайык ишке ашырылып жаткан турак жайды газдаштырууга жеңилдетилген каржылоо программасы ишке кирди. Насыялар жылдык 3%дык чен менен берилет. Максималдуу суммасы – 150 миң сом, ал эми мөөнөтү – 24 айга чейин, күрөө талап кылынбайт. Кыштын ызгаар суугун жылуу үйдө тосуу үчүн газдаштырууга өтүнмөнү күз-кышты күтпөстөн, эртерээк калтыруу сунушталат. Өтүнмөнү «Газпром Кыргызстан» мобилдик тиркемеси аркылуу, компаниянын сайтынан же жакынкы тейлөө борборунда калтырса болот.