Гүлчөдө мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөр мамлекетке кайтарылды

Алай районундагы Гүлчө айылында мурда автобазага тиешелүү болгон административдик блоктор, ошондой эле жалпы аянты 036,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жергиликтүү тургун Гүлчө айылынын аймагында жайгашкан административдик блокторго жана 036,5 га аянттуу жер тилкесине жеке менчик укугун берүүчү мамлекеттик актыларын (кызыл китеп, техпаспорт) мыйзамсыз негизде алганы аныкталган.

Аталган жер тилкеси административдик блоктору менен бирге өлкө мыйзамдарын бузуу аркылуу алып-сатуу келишиминин негизинде жеке тарапка өткөрүлүп берилгени аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, административдик блоктор жана жер тилкеси ыктыярдуу шартта мамлекеттин менчигине кайтарылып, Гүлчө айыл өкмөтүнүн балансына киргизилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Связанный пост