Футбол боюнча “Мурас” достук турниринин экинчи күнү башталды
Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин экинчи күнү башталды.
Бүгүн, 15-декабрда, тайпалык баскычтан өткөн 8 команда турнирде жеңиш үчүн күрөшүн улантат.
Плей-офф баскычындагы оюндар “Газпром балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинин базасында өткөрүлөт.
Күйөрмандар үчүн кирүү акысыз.