Франциянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Франциянын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Мен да сиз сыяктуу эле, акыркы жылдары жаңы багыттар менен толукталып, көп кырдуу болуп калган өнөктөштүгүбүздү мындан ары тереңдетүүгө болгон умтулууларды колдойм. Мындан улам саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, шаардык кызматтар, тоо-кен тармагы, ошондой эле маданият, анын ичинде жакында Бишкекте Франк-немис маданий институтунун ачылышы сыяктуу өлкөлөрүбүз үчүн маанилүү болгон тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү келечегин канааттануу менен белгилейм.

Мындан тышкары, бир катар маанилүү көп тараптуу иш-чаралар, эң ириде, Кыргыз Республикасынын 2027-жылдан тарта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги мандаты кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ереванда өтө турган Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча COP17 конференциясы эки өлкөбүзгө тоо экосистемаларын коргоо маселелери боюнча биргелешкен ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.

Связанный пост