Франциядагы көргөзмөдө Кыргызстандын туристтик дарамети көрсөтүлдү

Франциядагы көргөзмөдө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду тарабынан стенд боз үй формасында коюлуп Кыргызстандагы туризм жөнүндө айтып беришти.

Парижде Европадагы эң чоң көргөзмөлөрдүн бири болгон эл аралык IFTM Top Reza саякат көргөзмөсү башталды.

Туризмди өнүктүрүү фондунун улуттук көргөзмө стенди боз үй – кыргыз боз үйүнүн стилинде жасалды. Көргөзмөгө келгендер абдан жагымдуу көрүнөт. Оригиналдуу дизайн көргөзмөнүн ачылышынын алгачкы сааттарында эле француз туристтик компанияларында гана эмес, журналисттердин арасында да кызыгууну арттырды. Журналистерди жана көргөзмөнүн катышуучуларын кыргыздардын көчмөн каада-салттары кызыктырды, Кыргызстанда кандай жерлерди баруп көрүүгө болот экенин сурап жатышты.

Көргөзмөнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы элчиси Садык Шер-Нияз жана Туризм фондунун президенти Абылкасым Шерниязов катышты. «Биз бул ири көргөзмөгө катышканыбызга абдан кубанычтабыз. Фонддун кызматкерлери менен бирге Францияга алты ата мекендик туристтик компания келишти, алар жергиликтүү кардарларды издешет. Алар өзүнүн мүмкүнчүлүкөрүн гана эмес жалыпы Кыргызстандагы туризм жөнүндө айтып беришти.

Көргөзмөнүн биринчи күнүндө Фонддун вице-президенти Максат Усубалиев Кыргыз Республикасынын туристтик аймак катары мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды. Чет элдик туроператорлорго жана көргөзмөнүн конокторуна өлкөбүздүн кооз жерлери, саякатчылар үчүн шарттар жана туристтик кызыктуу варианттар тууралуу айтып беришти.

Париждеги туристтик көргөзмө 1978-жылдан бери өткөрүлүп келет жана ага жыл сайын 30 миңден ашык адам катышат. Ал туризмдин бардык тармактарын камтыйт: бизнес, эс алуу, топтук туризм жана MICE. IFTM Top Reza үч күндүн ичинде өтөт

Связанный пост