Финансы министрлиги: Казынага түшкөн кирешелер мөөнөтүнөн мурда аткарылууда

 Финансы министрлиги: Казынага түшкөн кирешелер мөөнөтүнөн мурда аткарылууда

Business increase arrow graph corporate future growth year 2022 to 2023. Planning,opportunity, challenge and business strategy

Учурда КР бюджетинин туруктуулугуна эч кандай коркунуч жок. Кирешелер казынага белгиленген пландан жогору көлөмдө келип түшүүдө.

Корголгон беренелер боюнча, ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөө боюнча милдеттенмелер өз убагында жана толук көлөмдө аткарылат.

500 млрд сом киреше тууралуу

Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстары же консолидацияланган бюджет 500 млрд сомго чейин жеткириле тургандыгын баса белгилөө зарыл.

Мамлекеттик башкаруу секторунун республикалык бюджетинин ресурстары – жергиликтүү бюджеттердин, Социалдык фонддун (республикалык бюджеттен кеткен трансферттерди эсепке албаганда), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (республикалык бюджеттен трансферттерди жана Социалдык фонддун трансферттерин эсепке албаганда) кирешелерин камтыйт.

2022-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 404,2 млрд сом деңгээлинде пландалган, иш жүзүндө аткарылышы 443,1 млрд сомду түздү.

2023-жылга план 503,4 млрд сомго белгиленген. Учурда каражаттардын казынага түшкөн динамикасы бул көрсөткүчкө жетишээрлигин көрсөтүп турат.

Бюджеттин тартыштыгы тууралуу

Биринчи кезекте, бюджеттин тартыштыгы чыгымдардын бир бөлүгүн жабуу булактары жок дегенди билдирбейт экенин белгилей кетүү зарыл. Ар дайым дефицитти өз убагында жабуунун булактары бар. Ошондой эле профициттин дагы колдонуунун өз багыттары бар.

2023-жылдын 8 айында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 231,2 млрд сом түшүп, чыгашалар 211,4 млрд сом суммасында аткарылган.

Учурда бюджеттин профицити 19,8 млрд сомду түзөт.

Бул, биринчи кезекте, киреше планы ашыгы менен аткарылды дегенди билдирет. Мындан тышкары, финансылык активдер боюнча – акционердик коомдордун уставдык капиталын көбөйтүүдө, бюджеттик кредиттерди берүүдө олуттуу чыгымдар бар.

Бул чыгашалар түздөн-түз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган.

Связанный пост