Финансы министрлиги кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

 Финансы министрлиги кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

КР Финансы министрлиги акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын мамлекеттик өкүлдүн кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт.

 

Чарбакер коомдун директорлор кеңешине, ошондой эле директорлор кеңешин түзбөстөн ишин жүргүзгөн, акциялардын мамлекеттик пакети бар чарбакер коомдун коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси же болбосо жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:

1) соттуулугунун жоктугу, анын ичинде жоюлганына карабастан;

2) курагы 27 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес;

3) экономика, башкаруу, юриспруденция чөйрөсүндө же чарбакер коомдун ишинин профилине тийиштүү адистик боюнча жогорку билими;

4) иш тажрыйбасы:

– менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык уюмдун башкаруу органдарында жетекчи, жетекчинин орун басары (анын ичинде түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, жетекчинин орун басары) катары 5 жылдан кем эмес; же

– финансылык-экономикалык блоктогу мамлекеттик органдарда же болбосо чарбакер коомдордун ишинин профилине тиешелүү мамлекеттик органдарда “С-А” категориясынан төмөн эмес кызмат орундарында мамлекеттик жарандык кызматта 5 жылдан кем эмес.

Билим:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык Кодекси (I бөлүк);

Кыргыз Реcпубликасынын Бюджеттик Кодекси;

Кыргыз Республикасынын Корпоративдик башкаруу кодекси;

Кыргыз Реcпубликасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Реcпубликасынын «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Реcпубликасынын «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Реcпубликасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Реcпубликасынын «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Реcпубликасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби;

OECD Корпоративдик башкаруу принциптери.

 

Чарбакер коомдун ревизиялык комиссиясындагы (ревизор) мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:

соттуулугунун жоктугу;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү;

финансы, бухгалтердик эсеп жана аудит тармагындагы адистиги менен жогорку экономикалык билими;

менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда жана мекемелерде финансы, бухгалтердик эсеп, аудит менен түздөн-түз байланышкан жетектөөчү кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасынын болушу.

Билим:

1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2.Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык Кодекси (I бөлүк);

3.Кыргыз Реcпубликасынын Бюджеттик Кодекси;

4.Кыргыз Реcпубликасынын «Акционердик коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

5.Кыргыз Реcпубликасынын «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Мыйзамы;

6.Кыргыз Реcпубликасынын «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы;

7.Кыргыз Реcпубликасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы;

8.Кыргыз Реcпубликасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Мыйзамы;

9.Кыргыз Реcпубликасынын «Аудитордук иш жөнүндө» Мыйзамы;

10.Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты;

11.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы №301 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон чарбакер коомдор, анын ичинде алардын туунду чарбалык коомдору тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартиби.

Сынакка катышуучу талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

резюме;

арыз;

өмүр баян;

кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;

4 даана 3×4 размердеги сүрөт;

белгиленген тартипте толтурулган анкета;

талапкердин паспортунун көчүрмөсү (текшерүү үчүн түп нускасы);

жогорку билими тууралуу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

талапкердин кошумча билими жана квалификациясы тууралуу документтеринин нотариалдык жактан же акыркы иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан (болгон учурда) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

нотариалдык жактан же мурда иштеген жери боюнча иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси көчүрмөсү;

соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкаттын берилген мөөнөтү сынакка катышуу үчүн документтерин берген учурда 1 айдан ашпоого тийиш.

Чарбакер коомдун директорлор кеңешине, ошондой эле директорлор кеңешин түзбөстөн ишин жүргүзгөн чарбакер коомдун коллегиялык аткаруу органынын жетекчиси же болбосо жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлер кошумча төмөнкүлөрдү (болгон учурда) тапшырууга тийиш:

– мурда иштеген жеринен же/жана бизнес ассоцияциялардан талапкердин иш билгилиги тууралуу сунуштама каттар;

– талапкер жетекчилик кызматта иштеген мезгил учурундагы коммерциялык уюм тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттун көчүрмөлөрү (пайда жана чыгым жөнүндө отчет, баланс);

– стратегиялык башкаруу, корпоративдик башкаруу, финансы менеджменти (эгер болсо) тармактары боюнча кошумча билими же квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу сертификаттарынын, башка документтеринин көчүрмөсү.

Чарбакер коомдун ревизиялык комиссиясындагы (ревизор) мамлекеттик өкүлдүн кызмат ордуна талапкерлер кошумча төмөнкүлөрдү (болгон учурда) тапшырууга тийиш:

– аудитор квалификациялык сертификатынын же CAP, CIPA (эгер болсо) сертификаттарынын көчүрмөсү;

– аудит, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчет тармактарында кесиптик коомдук уюмдар тарабынан талапкердин иш билгилиги тууралуу сунуштама каттар.

Өткөрүлгөн тестирлөөнүн жана талапкер менен баарлашуунун жыйынтыгы боюнча сынактан ийгиликтүү өткөн талапкер мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги акционер катары катышкан, мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилүүчү талапкерлер үчүн белгиленген үлгүдөгү анкета Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат: https://www.minfin.kg .

Документтер көктөмөгө тиркелип, 2024-жылдын 12-августка чейин тапшырууга тийиш (дареги: Бишкек ш. Эркиндик бул. 58а, каб. 106, тел. (0312) 66-40-33)

Связанный пост