Фермерлер асыл тукум малды жеңилдетилген насыя менен сатып ала алышат

 Фермерлер асыл тукум малды жеңилдетилген насыя менен сатып ала алышат

Кыргызстандык фермерлер Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды жылдык 3 пайыздык жеңилдетилген насыя аркылуу сатып ала алышат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыяны “АБанк” же “Элдик Банк” аркылуу 5 жылга чейин алууга болот.

“Жеңилдетилген мезгил 12 айга чейин берилет. 500 миң сомго чейин насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Насыя жактырылгандан кийин фермер “Кыргыз Агрохолдинг” менен келишим түзүп, асыл тукум малды сатып ала алат.

Мал сатып алууда асыл тукум күбөлүгү, ветеринардык маалымкат, идентификациялык жана келип чыгышын тастыктаган документтер талап кылынат. Фермердин асыл тукум чарба статусуна ээ болушу милдеттүү эмес. Негизги талаптардын бири — малды багуу жана тоюттандыруу үчүн тиешелүү шарттардын, карантиндик зонанын жана ветеринардык тейлөөнүн болушу.

Кошумча маалымат алуу үчүн 1210 кыска номерине кайрылса болот.

Связанный пост