Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт

 Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт

Бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу КРнын Жогорку Кеңешинин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, аталган макулдашуу Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоого жана реконструкциялоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын жер аянтын суу менен камсыздоо жакшыртылат. Тагыраагы, мерчемделген планды ишке ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро бөлүнүп берилет, анын ичинен кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро каралган.

Кошумчалай кетсек, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөттө, өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Талкуу маалында депутат Медербек Алиев долбоорду ишке ашыруу жаатында ишке тартыла турган консультанттардын санына жана алардын айлыгынын өлчөмүнө кызыкты.

Бирок Министрлер кабинетинин өкүлү иштин жүрүшүндө аныкталарын айтып, так жооп бере алган жок.

Ал эми депутат Камила Талиева алынуучу насыянын көлөмүнө карата эл өкүлдөрү  кооптонуп жатканын белгилеп, андыктан анын туура пайдаланылышын тыкыр көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошондой эле депутат Кундузбек Сулайманов жайыттарды өнүктүрүү багытында 100 млн доллардан ашуун насыя алынганын жүйө келтирип, бул жаатта да иликтөө жүргүзүү керектигин кошумчалады.

Андан тышкары, депутат Айсаракан Абдибаева өзгөрүлмө пайыздык чен маселесине токтолуп, насыялардын пайызын так көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, экинчи окууда кабыл алынды.

Связанный пост