Евразиялык аялдар форуму Айгүл Жапарованы диплом менен сыйлады

Евразиялык аялдар форумунун уюштуруучулары Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованы коомдук демилгелери үчүн диплом менен сыйлады. Форум Санкт-Петербургда өттү. Бул дүйнө жүзү боюнча аял лидерлердин диалогу үчүн ири эл аралык аянтча болуп саналат.

“Урматтуу Валентина Ивановна!

“Коомдук таануу” сыйлыгын тапшырууга байланыштуу мага көрсөткөн колдооңуз жана баалооңуз үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем. Бул сыйлык аялдардын коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшүүсүнө жана жигердүү кайрымдуулук иштерине кошкон салымын белгилейт. Сиздин мындай маанилүү демилгелерге көңүл бурууңуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдейт. Сизге ыраазычылык!”, – деп жазды Айгүл Жапарова өзүнүн социалдык тармактагы расмий баракчасына.

“Коомдук таануу” сыйлыгын Жогорку Кеңештин депутаты Г.Кожокулова тапшырды.

Маалымат үчүн: Сыйлык Евразиялык аялдар форуму тарабынан негизделген жана коомдун туруктуу өнүгүүсүнө, тынчтык үчүн күрөшүүгө кошкон салымы, кайрымдуулук жана коомдук активдүү ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылат.

Белгилей кетсек, Айгүл Жапарова кайрымдуулук иштери менен алектенген “Эне-балага тирек” коомдук фондун жетектеп келет.

Связанный пост