Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйыны өттү.

Жыйындын алдында делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүү аземи орун алды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучулары алдында сөз сүйлөдү.

Ал бул кеңешменин жыйынтыгы Биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикасынын динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жана Биримдиктин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууда дагы бир маанилүү кадам болооруна ишеним билдирди.

“Тар форматта өткөн жыйында конструктивдүү сүйлөшүүлөр орун алат деп үмүттөнөм. Биз бирдиктүү экономикалык мейкиндикте жайгашкан боордош мамлекеттер катары элибиздин жана Биримдигибиздин гүлдөп-өнүгүшү үчүн жыйындын күн тартибине коюлган бардык маселелер боюнча бирдиктүү пикирге келээрибизге ишенем, – деди Акылбек Жапаров.

Жалпысынан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына 30га жакын маселе камтылган.

Связанный пост