ЭТТК колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

 ЭТТК колдонууну жөнөкөйлөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү

Кыргызстанда товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев болду.

Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт жана КР президентинин администрациясына сунуштарды киргизет.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:

  • Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич – экономика жана коммерция министринин орун басары;
  • Пирназаров Марат Туголбаевич – Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;
  • Жунушалиев Руслан Алмасбекович – КР президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • Кимсанов Улан Ашимович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
  • Ысабеков Кубанычбек Абдимуталипович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
  • Алиев Мирзат Муратканович – Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башчысы;
  • Иманалиев Эркинбек Эмилевич – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальниги;
  • Саргобонов Улан Эрламбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын талдоо жана тобокелдиктер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
  • Алманбетов Азат Аясбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын товарларга байкоо жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Исмаил уулу Нурбек – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
  • Турдумбетов Сейтбек Асылбекович – Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ыкчам контролдоо башкармалыгынын начальниги;
  • Арыков Роллан Айдаралиевич – Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын бухгалтердик эсепти, финасылык отчетту жана аудитти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Калысбеков Нурсултан Калысбекович – Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын мамлекеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • Саипов Султан Галиевич – Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Белгилей кетсек, жумушчу топтун максаты – товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана оптималдаштыруу, ошондой эле бизнес-процесстерде аларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо.

Связанный пост