Эстониялык эксперттер билим берүүдө санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү

 Эстониялык эксперттер билим берүүдө санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү

Бүгүн, 25-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева Эстониянын эксперттери менен билим берүү жана окуучулардын билимин баалоо тармагында санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен таанышуу боюнча жолугушууга катышты.

Эстония Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Тоомас Тирс жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем саламдашуу сөзүн сүйлөдү.

“Биздин өлкө 2025-жылы PISA эл аралык изилдөөсүнө катышат. Изилдөөгө катышууга даярдануу үчүн окуучулары жогорку жыйынтыктарды көрсөткөн Эстониянын тажрыйбасы бизди кызыктырат”, – деди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

Жолугушуунун катышуучулары Эстониянын Билим берүү жана жаштар департаментинин PISA боюнча улуттук координатору Гунд Тиренин “Билим берүүнүн сапатын баалоо системасы: Эмне үчүн Эстониянын окуучулары жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатат?” темасындагы баяндамасын угушту.

Эстониялык эксперттер менен жолугушууга Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борборунун, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлери катышты.

Связанный пост