Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту

70kg FS – Ernazar AKMATALIEV (UWW)
Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу 10-11-декабрь күндөрү АКШнын Коралвилл шаарында өткөн Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту.
Спортчулар Дүйнөнүн алдыңкы спортчуларынан турган курама команда менен чыгышты.
Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада Ирандык балбандар менен күч сынашып 4:6 эсебинде жеңилишти. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту.
Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категорияда, Арсалан Будажапов 97 кг салмакта жана Тайырбек Жумашбек уулу 65 кг салмакта күрөштү.