Эркин Чечейбаев Кардиохирургияга барып, операция күткөндөрдүн көйгөйлөрүн укту

Күн мурун саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна барды.
Ведомстводон маалымдашкандай, анда министр жүрөктүн тубаса кемтигине байланыштуу операция күтүп жаткан балдардын ата-энелери менен ачык баарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер хирургиялык операцияны күтүүнүн узактыгы жана өтө маанилүү кардиохирургиялык операциялардын жетишсиздиги боюнча актуалдуу маселени көтөрүштү. Министр ар бир кайрылууну кунт коюп угуп, учурдагы кырдаал жана көйгөйдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга кеңири токтолду.
Министрдин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар өмүрүнүн алгачкы жумаларында операцияга муктаж. Бирок алардын 20-30уна гана операция жасалат. Учурда 100дөн ашык бала кезекте турат, кардиохирургияга чыныгы муктаждык бир топ жогору.
“Биз балдардын кардиохирургиясы эң аялуу тармактардын бири экенин түшүнөбүз. Бул өкмөт үчүн да, өлкө президенти үчүн да артыкчылыктуу”, – деп баса белгиледи Чечейбаев.
Ал учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканын, андан кийин кардиохирургия имаратка кеңейтилген мүмкүнчүлүктөр менен кайтып келерин: керебеттердин, реанимация бөлүмдөрүнүн, натыйжада операциялардын саны көбөйөрүн белгиледи.
Министр ошондой эле инфраструктураны өнүктүрүү боюнча маалымат берди:
- Жалал-Абадда өзүнчө кардиохирургиялык борбор куруу пландалууда.
- Буга чейин жалаң гана терапиялык дарылоо жүргүзүлүп келген Кардиология институтунда оңдоо иштери аяктап жатат. Эми ал жерде чоңдорго да операция жасалат, бул иштеп жаткан институттун жүктөмүн азайтат.
- Өкмөт тарабынан жигердүү сунушталып жаткан “Медициналык шаар” долбоорунда кардиология борбордук багытка айланат жана 300-350 орундуу имарат куруу пландаштырылууда.
Жыйында министр ошондой эле операциялар үчүн кезек кантип түзүлүп жатканын айтып берди. Ал белгилегендей, оор абалда (мисалы, кычкылтек менен каныккандыгы 30дан төмөн болгон) тез жардамга муктаж болуп келген бейтаптарга биринчи операция жасалат, анткени ар бир саат маанилүү. Пландаштырылган операциялар ар күнү — орто эсеп менен күнүнө экиден операция жасалат.
“Ата-энелерден сабырдуулук менен күтүүнү өтүнөбүз. Кезек медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде так сакталууда. Эч кандай тааныштык же каржылык сунуштар дарыгерлердин чечимине таасир эте албайт”, — деп ишендирди министр.
Жолугушуунун соңунда Чечейбаев бейтаптарды чет элдик клиникаларга жөнөтүүнү сунуштаган ортомчулардын көйгөйүнө токтолду. Ал ата-энелерди адегенде мамлекеттик медициналык мекемелерге кайрылууга чакырды, ал жерде кээ бир учурларда акысыз операциялар жасалат. Министр бейтаптарды чет өлкөгө жөнөтүүгө катышкан кызматкерлерге тартиптик чара көрүүнү убада кылды.
Министр ата-энелерге ачык баарлашкандары үчүн ыраазычылык билдирип, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан ары да балдарга жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.