Эркин Чечейбаев: 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га жогорулайт

 Эркин Чечейбаев: 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 50%га жогорулайт

2026-жылдын апрель айында дарыгерлердин жана саламаттык сактоо тармагында иштеген бардык кызматкерлердин айлык маянасы 50%га жогорулайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Министрдин айтымында, бул чоң каржылык жүктөмдү жаратса да, мамлекеттик кирешелердин өсүшү мындай чечимди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди.

Азыр саламаттык сактоо кызматкерлеринин орточо маянасы 23 миң сомдун тегерегинде болсо, жогорулатылган соң 35-36 миң сомго чейин жетет. Ал эми тажрыйбасы жогору жана аймактарда иштеген айрым дарыгерлердин маянасы 100 миң сомго чейин чыгып калат”, – деди министр.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост