Энергетика министрлиги: Бензин жана дизелдин кымбатташы дүйнөлүк базардагы кырдаалга байланыштуу

 Энергетика министрлиги: Бензин жана дизелдин кымбатташы дүйнөлүк базардагы кырдаалга байланыштуу

Кыргызстанга мунай продуктыларын жеткирүү штаттык режимде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеткирүү Кыргызстан менен Россиянын ортосунда 2016-жылдагы өкмөттөр аралык макулдашуунун алкагында жүргүзүлүүдө. Индикативдик баланста каралган көлөмдөр жана ички резервдер өлкөнүн керектөөлөрүн камсыздоого жетиштүү.

Белгиленгендей, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Россиядан импорттолот. 2025-жылга карата сүйлөшүлгөн көлөм толук аткарылып бүтө элек. Алдыдагы айларда мунай продуктуларын жеткирүү улантылат. Ошол эле учурда 2026-жылга карата жаңы көлөмдөрдү макулдашуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын жай айларынын ортосунан тарта ички рынокто бензин жана дизелдик отундун баасынын өсүшү байкалууда. Бул дүйнөлүк мунай баасынын кымбатташы, ошондой эле Россиядагы айрым мунай иштетүүчү заводдордогу пландуу жана пландан тышкаркы оңдоо иштерине байланыштуу.

Россиянын 2025-жылдын 27-августунда бензинди экспорттоого киргизген убактылуу чектөөсү Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүнө тиешеси жок. Ошондуктан Кыргызстан келишилген көлөмдө күйүүчү май менен камсыз болууда.

Энергетика министрлиги ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүп жатат.

Связанный пост