Энергетика министри Баткен облусунун күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусунда энергетика тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач Лейлек, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Кызыл-Кыяда абоненттерге орнотулуп жаткан “акылдуу” эсептегичтер, СИП өткөргүчтөр, эскилиги жеткен имараттардын абалы, кампаларда сакталып жаткан жабдуулардын сапаты, кызматкерлердин иш-тартибин текшерди.
Ошондой эле жогорку чыңалуудагы линиялар жана трансформатордук пункттардын иштеши көзөмөлдөндү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусу 2025-жылдын күз-кыш мезгилине карата алты айдын жыйынтыгы боюнча 70 пайыз даяр. Облус аймагында 28 047 даана “акылдуу” эсептегичтер орнотулуп, калктын электр энергиясын так жана үзгүлтүксүз колдонуусуна шарт түзүлдү.
Каскаддык ыкманын негизинде 4 даана 35/10 кВ көмөк чордон модернизацияланып, алардын кубаттуулугу жогорулатылды. Жаңы жана заманбап электр чубалгылары тартылып, жалпысы 48,9 чакырым СИП аба чубалгылары орнотулду.
Мындан тышкары, 32 жаңы көмөк чордон курулуп, кошумча 23 даана көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды.
Капиталдык оңдоо иштеринин алкагында 191 даана көмөк чордон жана 463,085 чакырым 10 кВ аба чубалгылар оңдоодон өткөрүлдү. Катардагы оңдоо иштеринин алкагында 906 даана көмөк чордон техникалык тейлөөдө өткөрүлүп, 565 чакырым 10/6/0,4 кВ аба чубалгылары оңдолду.
Министр калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо — мамлекеттик маанидеги эң негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи. Аны менен катар министр күз-кыш мезгилине карата даярдык иштер сараттуу жана өз убагында жүргүзүү тапшырды.
Мындан тышкары, Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мунай иштетүүчү завод курулуш иштерин көрүп чыкты. Заводду ишке киргизүү быйылкы жылга пландалгандыктан, даярдык иштерин өз убагында бүткөрүүнү заводдун тийиштүү жетекчисине тапшырды.