“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн еврого перинаталдык борбор курулган
“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн еврого перинаталдык борбор курулган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2024-жылы “Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында Германия өнүктүрүү банкынын 12,5 млн евро гранттык каражаттарынын эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылган.
Борбор патологиясы бар кош бойлуу аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөткөн жогорку технологиялык мекеме болуп саналат. Жалпы аянты 4 миң чарчы метрди түзгөн перинаталдык борбор жогорку технологиялык медициналык жабдуулар, заманбап операциялык бөлмөлөр, эне менен бала үчүн реанимация бөлмөлөрү камтылган.