Эне жана баланы коргоо борборунда иммунологиялык тестирлөөнүн жаңы ыкмасы ишке кирди

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында биринчи жолу бөйрөк трансплантациясында иммунологиялык тестирлөө методикасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иммунологиялык изилдөө донор менен реципиенттин HLA (Human Leukocyte Antigens) системасы боюнча гисто шайкештигин аныктоого, белгилүү донордун клеткаларына реакция кылуучу антителолорду аныктоо үчүн “crossmatch” тестин жүргүзүүгө, ошондой эле бейтаптын сезимталдык деңгээлин чагылдырган PRA көрсөткүчүн эсептөөгө багытталган. Бул изилдөөлөр заманбап трансплантологиянын негизги элементи болуп саналат жана донорду жекече тандоого, органды четке кагуу коркунучун алдын ала баалоого жана иммуносупрессивдик дарылоону тууралоого мүмкүнчүлүк берет.

Натыйжада курч жана өнөкөт четке кагуу учурларынын саны кыскарып, трансплантацияланган бөйрөктүн иштөө мөөнөтү узарат.

Генетикалык тестирлөө системасын жолго коюу улуттук саламаттык сактоо системасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Келечекте бул трансплантациялык коопсуздук системасын түзүүнүн негизин түзөт, чет өлкөлүк лабораторияларга болгон көз карандылыкты азайтып, клиникалык чечимдерди кабыл алуу процессин тездетет жана элдин улуттук медицинага болгон ишенимин арттырат. Ошондой эле бул кадам эл аралык сапат стандарттарына шайкештикти камсыз кылат.

Ошол эле учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кезектеги — 36-бюджеттик бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Реципиент — 2009-жылы туулган С.Ж., ал 2025-жылдын июнь айынан бери өнөкөт гемодиализде болгон. Донор — анын энеси, 1984-жылы туулган Э.Б. Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда.

Учурда борбордун лабораториясында “донор–реципиент” жуп боюнча HLA-изилдөө жүргүзүлүп, натыйжалары референс-лабораториянын маалыматтарына толугу менен дал келген. Бул жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн сапаты жана ишенимдүүлүгү жогорку деңгээлде экенин ырастайт.

Борбордун адистери белгилешкендей, бул долбоор Кыргызстанда заманбап трансплантологияны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, системалуу жана узак мөөнөттүү негизде ишке ашырылат.

Связанный пост