Эми кыргызстандыктар насыя алууга өзүнө-өзү тыюу сала алат
Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Улуттук банк менен биргеликте жарандардын каржылык коопсуздугунун жаңы механизмин – “Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу” киргизилгенин жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банкта өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген бул механизмге президет 2025-жылы 30-июлда кол койгон, мыйзам 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет.
“Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу” деген эмне?
“Өз алдынча тыюу салуу” – бул жарандын каржы-кредиттик уюмдардан өзүнүн атына насыя жана зайым алуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала чектөө үчүн акысыз жана ыктыярдуу мүмкүнчүлүгү.
Механизмди киргизүүнүн негизги максаттары:
- Алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо: Уурдалган же жасалма маалыматтарды колдонуу менен башка бирөөнүн атына насыя алуу учурларын жокко чыгаруу, карыз тузактарынан жана талаштуу кырдаалдардан сактоо.
- Өз насыя профилин көзөмөлдөө: Каалаган убакта өзүнүн атына «санарип кулпу» орнотуу мүмкүнчүлүгү.
- Каржылык сактык: Жарандарга ойлонулган чечимдерди кабыл алуу үчүн убакыт берүү.
Кантип тыюу салабыз жана аны кайра алып салууга болобу?
Жарандар Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы (Tunduk мобилдик тиркемеси) аркылуу каалаган убакта аралыктан өз алдынча жана акысыз тыюу салып, кайра аны алып сала алат.
Аракет чөйрөсү
Кыргызстанда эки кредиттик бюро иштейт – “Ишеним” жана “СЭС” кредиттик-маалыматтык бюро.
Кредиторлор эки бюрону тең текшергендиктен, коргоо активдүү деп табылышы үчүн алардын жок дегенде бирөөсүнө тыюу салуу жетиштүү.
Тыюу салууну алып салуу дароо эмес, арыз берилгенден кийин 12 саат өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Бул убакыттын ичинде жаран алып салууну жокко чыгара алат, ошондо коргоо активдүү бойдон калат. Мындай ыкма шашылыш чечимдердин алдын алат жана коопсуздук деңгээлин жогорулатат.
Насыя берүүчүнүн милдеттери
Насыя берүү алдында каржы-кредиттик уюм активдүү тыюу салуунун бар-жогун текшерүүгө милдеттүү. Эгер тыюу салынган болсо, насыя берүүчү себебин көрсөтүү менен келишим түзүүдөн баш тартат.
Юридикалык кесепеттери
Эгерде тыюу салууга карабай насыя берилсе, мындай келишим жараксыз (юридикалык күчү жок) деп табылат.
Жаран ал боюнча милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү эмес, ал эми кредитор каражатты кайтарып берүүнү талап кылууга укугу жок. Мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти кредитор алат.
Иш-аракеттердин кыскача алгоритми (Tunduk тиркемеси аркылуу)
- Өз алдынча тыюу салууну орнотуу: Tunduk’ка кирүү → “Насыя алууга өз алдынча тыюу салуу” кызматын тандоо → “Арызды толтуруу” баскычын басуу → кредиттик бюрону тандоо → аракетти тастыктоо. Коргоо дароо активдешет.
- Тыюу салууну алып салуу: Ошол эле кызматка кирүү → тандоо → “Өз алдынча тыюу салууну алып салуу” баскычын басуу. Алып салуу 12 сааттан кийин автоматтык түрдө болот.
- Алып салууну жокко чыгаруу: Арыз берилгенден кийин 12 сааттын ичинде кызматка кирип, “Арызды жокко чыгаруу→ баскычын басуу керек – коргоо активдүү бойдон калат.
Булак “Кабар” агенттиги