Эми балдарды мектепке каттоо “Tunduk” тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт

Бүгүн Бишкекте Санариптик өнүктүрүү министрлиги баланы мектепке электрондук каттоо боюнча “Tunduk” мобилдик тиркемесиндеги жаңы санариптик кызмат тууралуу маалымат беришти.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Рахат Жусумамбетова бул арыз берүү процессин кыскартып, убакытты үнөмдөй турганын айтты. Жаңы окуу жылында ата-энелер балдарын мектепке Билим берүү жана илим министрлигинин сайты аркылуу эмес, “Tunduk” мобилдик тиркемеси аркылуу катташат. Балдарды мектепке каттоонун бардык процесси жөнөкөйлөштүрүлдү.
“Билим берүү жана илим министрлиги балдарды алдын ала каттоодон өткөрүүнү сунуштады. Эми “Tunduk” мобилдик тиркемесинде ата-энелер катталган мектепти ырастоо же баш тартуу гана керек. Эгерде ата-энелер балдарын тиркеме көрсөткөн жерге жиберүүнү каалабай, баш тартышкан болсо, анда алар балдарын экинчи этапта мектепке киргизиши керек”, – деди ал.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаеванын айтымында, бул кызмат ИИН катталган башка тиркемелерде жана банктардын мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болот.
“Эми ата-энелер балдарын бир баскычты басуу менен мектепке каттай алышат. Эгерде мурда балдарды мектепке каттоодо 5ке жакын ар кандай күбөлүк талап кылынса, эми бул талап кылынбайт. Болгону, ата-энелер “Tunduk” тиркемесине кирип, арызын тастыктап, баласына окутуу тилин тандашы керек болот”, – деди ал.