Эмгек министрлигинин балдар үчүн ишеним телефонуна 26 миңден ашуун чалуу түшкөн

 Эмгек министрлигинин балдар үчүн ишеним телефонуна 26 миңден ашуун чалуу түшкөн

Жыл башынан бери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдар үчүн ишеним телефонуна 26 996 чалуу түшкөн.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул күнүгө орточо 178 кайрылуу, айына 5 399дан ашуун чалуу дегенди билдирет.

Жалпы кайрылуулардын ичинен 932 чалуу жардам жана кеңеш сураган кайрылуулар болгон, анын ичинен:

  • балдардан – 378 чалуу (40,6%);
  • чоң адамдардан – 554 чалуу (59,4%).

Чалуулардын арасынан кыз балдар басымдуу болду. Ошондой эле кеңеш алуу үчүн эркектерге караганда аялдар көп кайрылышты. 932 чалуунун ичинен:

  • эркектер – 175 (18,8%);
  • аялдар – 379 (40,6%);
  • эркек балдар – 106 (11,4%);
  • .кыз балдар – 272 (29,2%)

Аймактар боюнча алганда, эң көп чалуу Бишкек шаарынан түшкөн – 207 чалуу (22,2%), андан кийин Чүй облусу – 84 чалуу (9%), үчүнчү орунда Жалал-Абад облусу – 51 чалуу (5,5%). Эң аз кайрылуу Талас облусунан – болгону 15 чалуу (1,6%).

Телефон чалгандар социалдык жардам, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата зомбулук , балдардын тарбиясы жана жүрүм-туруму, мектеп рэкетчилиги ж.б.у.с.

Связанный пост