Эмгек министрлиги: 927 соцкызматкер 9,6 миңден ашуун адамды үйүндө тейлейт
2024-жылдын 1-мартына карата, 927 социалдык кызматкер 9 миң 686 адамды үйүнө барып социалдык кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- жалгыз бой кары-картаңдар — 3 664;
- майыптыгы бар адамдар — 2 108;
- жубайлар — 273;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдары — 3 641.
Социалдык кызматкерлер жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды, өзүн-өзү камсыз кылууга жана басып-турууга кудурети чектелишинен улам негизги турмуштук муктаждыктарын өз алдынча канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн жарым-жартылай жоготкон жарандарды, жубайларды, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар адамдарды үйүнө барып тейлешет.
Ар бир социалдык кызматкер башкарманын жетекчиси тарабынан бекитилген жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга барат.
Башкармалыктын социалдык кызматкерлери үйүнө барып социалдык жактан тейлөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жардамга муктаж адамдын кошуналарынын жана жакын адамдардын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу зарыл.