Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди

 Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди

Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди.

«Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү биздин эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча системалуу түрдө иш алып барат. Алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү (эмгек акыларын өндүрүү, өндүрүштөн жаракат алган жарандарга компенсация төлөп берүү, кармалган жарандарга милиция бөлүмдөрүнө баруу аркылуу жардам берүү ж.б.).

Бул иштин аркасында 414 кыргызстандык жумуш берүүчүлөрдөн 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек акысын ала алышкан. Дагы үч кыргызстандык жумуштан алган жаракаттары үчүн 1 миллион 300 миң рубль ала алышты», – деди ал.

Гүлнара Баатырова турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарыбыз үчүн Москвада бекер жатакана уюштурулганын белгиледи.

Связанный пост