Үч жылдын ичинде эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө 25,7 миңден ашык кыргызстандыкты мыйзамдуу түрдө ишке орноштурду

 Үч жылдын ичинде эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө 25,7 миңден ашык кыргызстандыкты мыйзамдуу түрдө ишке орноштурду

Үч жылдын ичинде эмгек министрлиги чет өлкөлөрдө 25,7 миңден ашык кыргызстандыкты мыйзамдуу түрдө ишке орноштурду. Мындай сандарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова бүгүн өткөн 11 айдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«”Эгерде 2021 – жылы чет өлкөлөрдө мыйзамдуу түрдө 0,7 миң адам жумушка орношсо, 2023-жылы 13 миң кыргызстандык ишке орношкон. Жалпысынан бул мезгилде 25,7 миңден ашуун жаранды социалдык кепилдиктер менен чет өлкөлөрдө иштөөгө жардам берди”, – деди ал.

Министр миграция маселесине кайрылып жаткан кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын белгиледи.

«Арыз бергендердин саны 2021-жылдагы 28,2 миңден 2023-жылдын башынан бери 101,4 миңге чейин өстү. Үч жылдын ичинде 195 миң адам кеңештерди алган», – деди Г.Баатырова.

Связанный пост