Эмгек министри интернаттардын кышка даярдыгын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өлкөнүн социалдык мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча текшерүүнү баштады.

Анын айтымында, социалдык мекемелерде 2 338 адам бар.

“Биздин кызмат алуучулар жалгыз бой улгайган жарандар жана жалгыз бой жубайлар, чоңдор жана нейропсихиатриялык диагнозу бар балдар. Биздин милдет – аларга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Өткөн жылы Президенттин Жарлыгы менен тамак-ашка каражат эки эсе көбөйгөн. Интернаттарда дарыгерлердин кызматы көрсөтүлүп, китепканалар иштеп жатат.

Текшерилген бардык социалдык мекемелер кыш мезгилине даяр – отун, кышкы кийим-кече, тамак-аш менен камсыз болушту”, – деди Гүлнара Баатырова.

Министр Токмок шаарындагы Токмок 1, 2 жана Ак-Суу районундагы үч социалдык мекемени кыдырып, жамаат жана социалдык кызмат алуучулар менен жолугушуп, кызмат алуучулардын жашоо шарты, жылытуу системасынын функционалдуулугу, блоктун жана тамак-аш даярдоочу жабдуулардын абалы менен таанышты.

Связанный пост