Догдуркүл Кендирбаева КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

 Догдуркүл Кендирбаева КР билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Связанный пост