Эмгек министри аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареяларын орнотуу боюнча долбоордун ишке ашырылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Нур-Кубат”пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

«Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. Жаңы жылдын алдында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, үй-бүлөлөргө кошумча киреше алып келет», – деди ал.

Гүлнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен социалдык маанилүү товарлардын кымбатташынын шартында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясына болгон тариф 40%га арзандатылганын эске салды (1 кВт саат үчүн 50,0 тыйынга чейин).

Связанный пост