Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” аттуу китебинин бет ачары Алматыда өттү
Кыргыз эл артисти, таланттуу төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде чыккан “Аманат” аттуу китебинин бет ачары Алматы шаарындагы Улуттук китепканасында өттү.
Элмирбек Иманалиевдин казак тилинде басылып чыккан “Аманат” аталышындагы китебин казак тилине белгилүү казак төкмө акыны, филология илимдеринин кандидаты Айбек Калиев которгон.
Китептин бет ачарында Элмирбек Иманалиевдин ырлары көркөм окулуп, кыргыз-казак акындары төгүп ырдап эскеришсе, белгилүү казак-кыргыз ырчылары Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырларынан ырдашты.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл акындары Акбар Рыскулов, Карбалас Бакиров, КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдрашитова, тарых илимдеринин доктору, филология илимдеринин кандидаты Сулайман Кайыпов баштаган кыргыздын маданият ишмерлери жана ошондой эле казак элинин белгилүү акын-жазуучулары, төкмө акындары катышып, Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгы, эки элдин маданий байланышы тууралуу сөз сүйлөп, маркумду эскеришти.