Элчи Талантбек Кушчубеков Венгрияда билим алып жаткан кыргыз жарандары менен жолукту

 Элчи Талантбек Кушчубеков Венгрияда билим алып жаткан кыргыз жарандары менен жолукту

  26-августта Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык  коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду.

  Ошондой эле жарандарга Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле жаштарды жана билим берүүнү колдоо боюнча мамлекеттик саясат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, Тышкы иштер министрлигине жана өлкөнүн чет өлкөлүк мекемелерине белгиленген милдеттер жөнүндө маалымат берилди.

   Жолугушуунун соңунда элчи Т.Кушчубеков жолугушуунун катышуучуларын келе жаткан Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ошондой эле студенттердин Элчиликтин ар кандай маданий иш-чараларына, анын ичинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында, Венгриядагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер элчиге өздөрүнүн суроолорун бере алышты. Студенттердин турмушунун актуалдуу маселелери, Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуунун формасы жана башка темалар боюнча пикир алмашуу болду.

Связанный пост