Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 150 млн сом төлөп берди
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.
КР УКМК экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин иши боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт, 2024-жылдын 19-апрелинде анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.