Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198 млрд сомду түздү

 Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198 млрд сомду түздү

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198 млрд сомду түздү. Бул тууралуу КРнын Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Республиканын курулуш комплексин өнүктүрүү боюнча керулген чаралардын комплексинин натыйжасында капиталдык салымдардын көлөмү көбөйүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин 2023-жылга карата алдын ала маалыматтары боюнча, каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,8%га (2022-жылы 4,0%га өскөн) көбөйүп, 168,5 млрд сомду түздү.

2022-жылга салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын өсүшү каржылоонун ички булактарынын 34,6%га көбөйүшүнүн эсебинен жетишилди, ал эми тышкы булактардын көлөмү, тескерисинче, 26,3%га кыскарды.

Ички инвестициялык фонддордун жалпы үлүшү капиталдык салымдардын жалпы көлөмүнүн 83,9%ын түздү, алардын капиталдык салымдардын өсүшүнө кошкон оң салымы 25,6 пайыздык пунктту түздү. Ички инвестицияларда негизги үлүштү ишканалардын жана уюмдардын каражаттары (40,2%) жана калктын каражаттары (37,1%) ээлейт, мында өсүш тиешелүүлүгүнө жараша 120,3% жана 125,1%ды түздү. Белгилей кетсек, республикалык бюджеттин эсебинен негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүү отчеттук жыл ичинде 2 эсеге көбөйүп, 23,5 млрд сомду түздү.

Инвестициялардын негизги көлөмү (алардын жалпы көлөмүнүн 83%) тоо-кен объектилерин, өндүрүш объекттерин курууга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо менен камсыз кылууга (камсыз кылууга), дүң жана чекене соодага, транспорт ишине жана жүктөрдү сактоого, билим беруу, ошондой эле турак-жай курулушуна багытталган.

0ткен мезгилдин ичинде төмөндөгүлөр курулуп, пайдаланууга берилди:

– узундугу 28,6 км селге каршы курулмалары, 26,2 км жээк коргоочу курулмалары, 125,2 км сугат каналдары;

– чыңалуусу 10/4 кВ 76 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор, 0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгылары 148,58 км, 6-20 кВ – 30,43 км, 35 кВ жана андан жогору – 3,33 км, газ бөлүштүрүүчү тармактар узундугу 17,60 км, мини ГЭСтер 5,50 МВА;

– узундугу 22,90 км болгон райондук жана жергиликтүү маанидеги асфальтталган жолдор, 106,14 км айыл чарбадагы ички чарбалык жолдор, ошондой эле 22 көпүрө;

– 72 орто мектеп (8 060,0 млн. сом) жана 19,7 миң орундуу он кеңейтүү, бул 2022-жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көп. Республиканын бардык аймактарында мектептер пайдаланууга берилди;

– 1893 орунга 21 мектепке чейинки мекемелер (2559,4 млн. сом). Республиканын бардык аймактарында мектепке чейинки балдар мекемелерин пайдаланууга берүү ишке ашырылды;

– Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында, ошондой эле Ош шаарында 340 койкалуу 10 оорукана (1 587,3 млн. сом);

– Сменасына 393 келүү үчүн 32 амбулатория (373,7 млн. сом) же 2022-жылдын деңгээлинен 35,0% Республиканын көпчүлүк аймактарында амбулаторияларды ишке киргизүү ишке ашырылган.

Турак жай курулушунун көлөмү көбөйүүдө. Турак жай курулушунда 2023-жылы (баалоо боюнча) негизги капиталга 54,2 млрд сом инвестиция пайдаланылган же 2022-жылга салыштырмалуу 6,4%га өскөн. 2023-жылы Жалпы аянты 1360,5 миң чарчы метр болгон 13755 үй/батир пайдаланууга берилди. Турак жай курулушуна сарпталган каражаттардын үлүшү жумшалган инвестициялардын жалпы көлөмүндө 32,2%ды түздү. Курулуштун негизги үлүшү (85,7%) Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Баткен облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келет.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнүн негизинде 2023-жылга курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 198,0 млрд сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 10,3%га өстү.

Курулуш секторунун өлкөнүн ИДПсын түзүүгө оң салымы 0,7 пайыздык пунктту түздү, анын ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 6,6%ды түздү.

Связанный пост