Экологиялык мыйзам бузган ЖЧКдан мамлекетке 132,1 млн сом өндүрүлдү
Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн жыйынтыгында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон 132 млн сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, “А.О.” ЖЧКсы 2021-2023-жылдары кыймылдуу булактардан атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн милдеттүү төлөмдөрдү өз убагында төлөгөн эмес.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 132 млн 148 миң 843 сом түшпөй калган.
Көрүлгөн укуктук чаралардын жыйынтыгында аталган каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке өндүрүлдү.