Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу кызуу жүрүүдө

 Эки-Нарын көпүрөсүнүн курулушу кызуу жүрүүдө

Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана комманикациялар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Ошондой эле курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган.

Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталууда. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет.

Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат.

Белгилей кетсек, 13-августта аталган көпүрөдө КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Кийин айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.

Связанный пост