Эгемендүүлүк: «Ош – достуктун шаары» фестивалы өттү

С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдында боордош калктардын маданиятын чагылдырган «Ош – достуктун шаары» фестивалы өтүп, анда ар улуттун өкүлдөрүнүн улуттук каада-салты, ыр-күүсү, бийлери тартууланды.

 

Ошондой эле кол-өнөрчүлөрдүн, улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү болуп, “Алтын туурум – Ата-Журтум” республикалык маданий кароо-сынактарынын алкагында скульпторлордун “Тарыхта калган элестер”, өлкөнүн жети дубандын кереметүү жерлеринин кичи бейнесин чагылдырган “Ата-Журт ажары” кароо-сынактары өткөрүлдү.

Связанный пост