Эгемендүүлүк күнүн утурлай Жалал-Абадда инструктордук кеңешме өттү

 Эгемендүүлүк күнүн утурлай Жалал-Абадда инструктордук кеңешме өттү

Бүгүн Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата инструктордук кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ошондой эле өздүк курамы катышты.

Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагында көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын жеринен текшерип, кызматкерлерге бир катар тапшырмаларды берди. Салтанаттуу майрам учурунда ар бир кызматкер өзүнө бекитилген аймагында ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп, коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин эскертти. Ошондой эле эл көп чогулган жерлерде кыраакы болууну, мыйзам бузууларга жол бербөөнү тапшырды.

Эскерте кетсек, Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы Жалал-Абад шаарында мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткандыгына байланыштуу, иш-чаранын алкагында бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык объекттердин ачылышы күтүлүүдө.

Ал эми 30-августтан 1-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунда 2000ге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Связанный пост