Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда 500дөн ашуун бала жоголду

 Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда 500дөн ашуун бала жоголду
Эгемендүүлүк күнүнө карата болгон майрамдык иш-чаралар аяктап, терс окуялар болгон жок
Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана башка ички иштер органдарынын 5000ден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө учурунда коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылышты.
Майрамдык иш-чаралар башталгандан тартып аяктаганга чейин ички иштер министри жана анын бардык орун басарлары кырдаалды көзөмөлдөп турушту.
Борбор калаадагы майрамдык иш-чаралар түнкү саат 02.00 дө аяктап, терс окуялар болгон жок.
Иш-чаранын жүрүшүндө 501 бала жоголуп, бардык балдар милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

Связанный пост