Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогулда бир катар объекттер пайдаланууга берилет

 Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогулда бир катар объекттер пайдаланууга берилет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул районунда жаңыдан курулган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мектептер, ошондой эле өндүрүш тармагындагы бир катар объектилер пайдаланууга берилет.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жаңы окуу жылынын башталышына карата эки жаңы мектептин имараты ачылат. Алар:

  • Өзгөрүш айылындагы №36 А. Ибраимов атындагы орто мектеби, республикалык бюджеттин эсебинен 86 млн сом бөлүнгөн;
  • Арал айылындагы Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен 101,2 млн сом акча каражаты жумшалды.

Капиталдык оңдоодон өткөн эки мектеп пайдаланууга берилет:

  • Үч-Терек айылындагы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн №29 М. Нургазиев атындагы мектебинин имараты. Мекемеге жалпы 73 млн 193 миң сом бөлүнгөн;
  • Бала-Чычкан айылындагы №8 А. Иманбаев атындагы мектеби, капиталдык оңдоого 64 млн 763 миң сом бөлүнгөн.

Жыл аягына чейин дагы эки мектеп ишке берилет:

  • А. Суеркулов айыл аймагына караштуу Төркөн айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектеп (сметалык баасы 109 млн сом);
  • Толук айылындагы №24 Каныша атындагы орто мектеби.

Ошондой эле курулуш иштери улантылып жаткан объектилер:

  • Бууракан айылындагы жаңы №38 Термечиков атындагы мектеп имараты;
  • Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы мектептин кошумча корпусу;
  • Торкен айылындагы №27 А. Мамыров атындагы мектептин курулушу ноябрь айында толук бүткөрүлөт.

Спорт тармагында:

  • Токтогул районунун борбордук стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, жалпы сметалык баасы 232 млн сомду түзүп, пайдаланууга берүү алдында турат.

Өндүрүш жана энергетика тармагында:

  • 2024-жылы кубаттуулугу 9 МВт болгон Кайнама чакан ГЭСи ишке берилген;
  • 2025-жылдын декабрь айында кубаттуулугу 4,5 МВт болгон Кайнама-2 чакан ГЭСи пайдаланууга берилет, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жатат;
  • Үч-Терек айылында бетон заводу ачылып, толук кандуу иш алып барууда.

Токтогул районунда ишке ашып жаткан бул долбоорлор жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.

Связанный пост