ЭЭФ колдонгон ишкерлер жыл ичинде 65 миңге көбөйүп, 94,3 миңди түздү
Акыркы жылы электрондук эсеп-фактураларды колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйүп, учурда 94,3 миң субъектти түздү.
2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1,7 трлн сомго 19,6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен.
Жалпысынан ЭЭФ киргизилген учурдан – 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ жазылып берилген.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр жана 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.
ЭЭФтин иштөөсүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйүп, система бизнести көмүскөдөн чыгаруунун натыйжалуу куралы болуп калды.