Эдил Байсалов Швейцариянын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикерин кабыл алды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пеж менен жолукту.
Эдил Байсалов Швейцария Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү, туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун үлгүсү экенин белгиледи.
Тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Делегацияларды мындан ары алмашуу жана биргелешкен демилгелерди колдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.
 
								 
                             
                             
                             
                             
                             
                             
                                     
                                    