Эдил Байсалов Санкт-Петербургдагы Пискарев мемориалдык көрүстөнүнө гүлчамбар коюу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында Пискарев мемориалдык көрүстөнүндөгү “Мекен – эне” монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гүлчамбар коюп, курман болгондорду бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерди.

Салтанат Улуу Ата Мекендик согуштун миллиондогон курмандыктарына, анын ичинде Ленинград блокадасында курман болгондорго терең ыраазычылык жана кайгыруу белгиси катары өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле Ленинград үчүн согушуп, шаарды коргоодо курман болгон Кыргыз Республикасынын баатыр жоокерлеринин урматына орнотулган мемориалдык тактанын жанында кыргызстандыктардын элесин эскерди. Ал эскерүүдө курман болгондордун элесине таазим этип, кыргыз элинин эрдиги Жеңиштин жана СССР элдеринин бир туугандыгынын жалпы тарыхында түбөлүккө жазылып калганын белгиледи.

Курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын эрдигин эскерүү үчүн Эдил Байсалов Пискаревдин мемориалынын эскерүү китебине жазуу калтырды. Ал өзүнүн жазуусунда мындай деп белгиледи:

“Курчоодо калган Ленинграддын тургундарынын эрдиги, алардын укмуштуудай туруктуулугунун, кайраттуулугунун жана жан аябастыгынын аркасында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхындагы эң көрүнүктүү жана каргашалуу барактардын бири болуп саналат. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоо менен, биз алардын эрдигин жүрөгүбүздөн эскеребиз…”.

Связанный пост