Эдил Байсалов эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковго барып, Улуттук көркөм сүрөт академиясынын музейинде болду
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү скульптор Тургунбай Садыковго барып, Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясынын музейинде болду.
Музейге коюлган скульптуралык композицияларды, чебердин эмгектерин карап чыгышты.
Эдил Байсалов белгилегендей, быйыл өкмөт өлкөнүн алдыңкы музейлеринин музейлик коллекцияларын ата мекендик сүрөтчүлөрдүн жана скульпторлордун эмгектери менен толуктоо боюнча программаны ишке ашыра баштайт.
Ал ошондой эле Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.
«Биз улуу устат, Кыргыз Республикасынын Баатыры, чыгаан скульптор Тургунбай Садыковду абдан сыйлайбыз жана сыймыктанабыз, ал өнөр адамдарын, сүрөтчүлөрдү, скульпторлорду тарбиялап өстүрүп, искусствонун өнүгүшүнө зор салым кошкон», – деди Эдил Байсалов.