Эдил Байсалов Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун делегациясы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ОЭСР) Евразия бөлүмүнүн башчысы Уильям Томпсон менен жолугушту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана мындан ары өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

 

«Өкмөт алдына чоң максаттарды жана милдеттерди коюп жатат. 3 жылдын ичинде чоң ийгиликтерге жетишилди. Биз туруктуу өнүгүү траекториясына кирип жатабыз. Өлкөнүн бюджети бир топ көбөйдү. Биз мектептик билим берүү системасын трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» («Ак жылдыз») программасын ишке киргизип жатабыз. Мектептер үчүн Сингапурдан келген Кембридж окуу китептеринин негизинде STEM предметтери боюнча заманбап окуу китептери сатылып алынат. Бул программа биздин социалдык-экономикалык өнүгүүбүздүн багыттоочу жылдызы болуп саналат, бул адам капиталына инвестиция», – деди Эдил Байсалов.

 

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун Евразия бөлүмүнүн башчысы Уильям Томпсон өз кезегинде өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн оң натыйжаларын белгиледи.

 

Тараптар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча пикир алышты.

Связанный пост