Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы- Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтонго (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

Алсак, Минкаб башчысы Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту.

 

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, суу менен камсыздоо жана ирригация, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, жашыл экономика тармактарындагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги болду.

 

Минкаб Төрагасы маектешинин көңүлүн калкты суу-энергетикалык ресурстар менен камсыз кылуу маселелерине буруп, бул көйгөй Кыргыз Республикасында гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүндө да бар экенин белгиледи.

 

Бул контексттен алганда, Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагына эң жакшы натыйжа берет»-деди.

 

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы бул ГЭС-1ди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялоо максатында Вена шаарында эл аралык өнөктөштөрдүн жана каржы институттарынын катышуусунда инвестициялык форум өткөрүүнү пландап жатканын кошумчалады.

 

Өз кезегинде Антонелла Бассани таза жана кайра жаралуучу электр энергиясын өндүрүүдө жана экспорттоодо Кыргыз Республикасынын олуттуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, климаттын өзгөрүшү боюнча глобалдык күн тартибинин алкагында, Дүйнөлүк банк Кыргызстандын демилгелерин колдоого даяр экенин ырастады.

Андан кийин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерденин жолугушуусу болду.

 

“Дүйнөлүк банк биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз гана эмес, Кыргызстандын жакын досу, ал ар дайым “оорду колдон алып, көмөк көрсөтүүгө” даяр жана Кыргызстанды өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттарында абдан олуттуу жардам көрсөтүп келет”, – деген Минкаб башчысы, Кыргызстан калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган экономикалык реформанын бүткүл комплексин чечкиндүү түрдө ишке ашырууну улантып жаткандыгын белгиледи.

 

Бул контекстте Министрлер Кабинетинин Төрагасы республиканын экономикалык өсүшү акыркы үч жылдын ичинде орточо дээрлик 7 процентти түзгөн көрсөткүчтөрү туурасында айтып берди.

 

Тараптар ошондой эле климаттын өзгөрүшү, энергетикалык баланс, ошондой эле суу-энергетика, айыл чарба жана агроазык-түлүк долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

 

Бул жолугушуулардын соңунда төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болду:

 

– Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына 35 млн АКШ доллары суммасында каржылоону берүү жөнүндө макулдашуу;

 

– Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 7,64 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү «Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү» долбооруна экинчи кошумча каржылоо маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу.

Связанный пост