ЕАЭБден товар ташууда мыйзам бузгандарга катаал чектөөлөр киргизилет
Салык төлөөчүлөргө ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүдө кайталанган мыйзам бузуулар катталган учурда чектөө чаралары колдонулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Тактап айтканда, календардык жыл ичинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана/же транспорттук каражаттарды өткөрүүгө байланыштуу үч жолу мыйзам бузуу фактысы аныкталып, алар боюнча айып пул салуу тууралуу токтомдор чыгарылган учурда Мамлекеттик салык кызматы төмөнкү укуктарга ээ:
- “ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо максатында” деген белгиси бар мурда берилген салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты жокко чыгаруу;
- көрсөтүлгөн маалымкатты алуу үчүн автоматташтырылган системага кирүү мүмкүнчүлүгүн 1 жылга жабуу.
Чектөө чаралары ар бир мыйзам бузуу боюнча айып пул салуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген токтомдор болгон учурда колдонулат.
Товарларды алып кирүүдө талаптарды бузгандыгы үчүн административдик айып пул салынат:
– жеке жактар үчүн – 20 миң сом;
– юридикалык жактар үчүн – 65 миң сом.
Мыйзам бузуу кайталанган учурда:
– жеке жактар үчүн – 40 миң сом;
– юридикалык жактар үчүн – 100 миң сом.
Мындан тышкары, товарлар жана транспорт каражаттары конфискацияланышы мүмкүн.
Импорттоочулар төмөнкүлөрдү сактоого тийиш:
- товарларды алып кирүүдө Кыргызстандын мыйзам талаптарын сактоо;
- коштомо документтерди туура тариздөө;
- мыйзам бузууларды өз убагында жоюу жана алардын кайталанышына жол бербөө.
Бул талаптарды сактоо импорттоочуларга чектөө чараларынан качууга жана туруктуу иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.