Достук айылында жаңы мектеп ачылды

11-декабрда Президент Садыр Жапаров онлайн режиминде, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева оффлайн режиминде Достук айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты.

 

Чек арадагы жаңжал учурунда мектептин эски имараты толугу менен күйүп кеткен. Мектептин курулушу 2023-жылдын май айында башталган, сметалык баасы 74 млн. сомду түзөт. 100 окуучуга ылайыкталган мектепте спорт зал, футбол аянтчасы, спорт аянтчасы сыяктуу окуу жана спорт үчүн шарттар түзүлгөн, ошондой эле медициналык кабинет, китепкана ачылган. Учурда мектепте 11 мугалим эмгектенип, 41 окуучу билим алууда.

 

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Достук айылында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт ачылып (ФАП) ачылды жана ал жалпы айылдын жашоосу менен таанышты.

Связанный пост