“Достук” өткөрмө бекетиндеги коомдук жайлар ирээтке келтирилет

“Достук” өткөрмө бекетиндеги коомдук жайлар ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан-Өзбекстан өлкөлөрүнүн чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинин Кыргызстан тарабындагы элди тейлөөчү коомдук жайларды ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов чек арадагы өткөрмө бекеттин абалы менен жеринде таанышып, ал жердеги бир топ көйгөйлүү маселер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берген.
Берилген тапшырмалардын алкагында, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы элге кызмат көрсөткөн жайларды бир типтүү көрүнүшкө алып келүү үчүн ар бир объект ээлерине жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жана аткарылышын дыкат көзөмөлгө алган.
Эскерте кетсек, аталган өткөрмө бекет аймактарды ийрилештирүү иш аракетинин алкагында Ош шаарынын карамагына өткөн.

Связанный пост