Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

 Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. “Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бекмурзаев Доскул Жумагулович энергетика министри кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Связанный пост